Time журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 100 адамдын тизмесин жарыялады

Американын Time журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 100 адамдын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу журналдын расмий сайтында жазылган. Рейтингдеги 100 адамдын катарына Орусиянын президенти Владимир Путин  7-жолу кирсе, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 13-ирет кирди. Ошондой эле рейтингге АКШнын президенти Жо Байден  жана Германиянын канцлери Олаф Шольц да кирген.

Окурмандардын айтымында, 2022-жылдын эң таасирдүү адамы Украинанын президенти Владимир Зеленский болгон.

Ошондой эле, эң таасирдүү 100 адамдын жарымын аялдар түзгөн. Алар:

Хода Хамош — Ооганстандык саясий ишмер. 2022-жылдын январь айында ал Норвегияга расмий сапар учурунда талибдердин өкүлдөрү менен жолугушууга чакырылган алты ооган аялдын бири болгон. Анда Хамош Ооганстанда камакка алынган саясий активисттерди бошотууну талап кылган. Хамоштун апасы менен эжеси талибдер тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин ал өзү өлкөдөн качууга аргасыз болгон.

 Time журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 100 адамдын тизмесин жарыялады

Меган Рапино, Бекки Зауэрбранн — көптөн бери АКШнын футбол боюнча аялдар командасынын лидерлери болушкан. Дүйнөлүк чемпионаттарды жана Олимпиадаларды жеңип келишкен.

 Time журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 100 адамдын тизмесин жарыялады

Тимнит Гебру — жасалма интетект боюнча окумуштуу. Ал бул багытта изилдөөчү институтун (DAIR) жана кара терилүү изилдөөчүлөрдүн Black in AI аттуу бирикмесин негиздеген.

800x533x283900306 1870856419770779 3044190578790148254 n 1.jpg.pagespeed.ic.jZd UH5eyE  Time журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 100 адамдын тизмесин жарыялады

Журналист Севгиль Мусаева — “Украинская правда” басылмасынын редактору, 2011-2013-жылдары «Forbes Украина» журналында кабарчы болуп иштесе, 2014-жылы Hubs басылмасын негиздеген.

 Time журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 100 адамдын тизмесин жарыялады

Кэндис Паркер – Америкалык баскетболчу. Дүйнөдөгү эң көп төлөнүүчү спортчулардын бири. Анын кирешеси 5 млн доллар деп бааланган. Мындан тышкары ал спорттогу аялдардын укугун коргоо боюнча иш алып барат.

 Time журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 100 адамдын тизмесин жарыялады

Зендея – «Инноваторлор» номинациясы боюнча таасирдүү адамдардын тизмесине кирген. Режиссер Дени Вильнёв аны жөн гана актриса эмес, автономдуу креативдүү бирдик деп баалаган.

 Time журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 100 адамдын тизмесин жарыялады

Ал эми 2021-жылдагы лидерлер категориясын Барбадостун премьер-министри Миа Моттли жетектеген. Андан тышкары , Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный бул категорияда болушкан.

2021-жылдагы башка категориялардагы лидерлер:

Икона — ырчы Мэри Дж. Блайдж;

Новатор — актриса Зендая;

Титан — Apple компаниясынын башкы директору Тим Кук;

Пионер — баскетболчу Кэндис Паркер;

Искусство ишмери — канадалык актёр Симу Лю.