Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга байланыштуу ЕЭКтин комиссиясы келет

Кыргыз-казак чек арасындагы автоунаалардын топтолуп өтө албай турган кырдаалга байланыштуу ЕЭКтин комиссиясы келерин Sputnik агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, бул боюнча тиешелүү сурамды Кыргызстандын Экономика министрлиги Евразиялык экономикалык комиссияга (ЕЭК) жөнөткөнү белгилүү болду.

«Евразиялык экономикалык комиссиянын жумушчу тобун аталган түзүмдөгү энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев жетектеп келери айтылды», — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» бекетинде кезек күткөн унаалар көбөйдү.

Чүй облусунда “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын алдында жардам көрсөтүү жай катары чатырлар тигилген. Ал жактарда айдоочуларга жана жүк ташуучуларга зарыл болгон жардамдар көрсөтүлүүдө.