«Санариптик технологиялар борбору» Тулпар карталарын сатып алууда ыңгайлуу чечимди иштеп чыкты

20-августтан тарта Бишкек шаарынын муниципалдык автобустарында жана троллейбустарында накталай эмес төлөмдөр гана иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Муниципалитет жүргүнчүлөр үчүн накталай эмес төлөм ыкмаларынын кеңири жолдорун сунуштады.

Сиз төмөнкү жолдор менен төлөй аласыз:

— үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
— Виртуалдуу NFC картасы;
— Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;
— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Көптөгөн жарандар Тулпар картасын сатып алууда кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы ыңгайлуу чечимди иштеп чыкты. Ошентип, соода түйүндөрүнүн даректери камтылган атайын карта даярдалып, анда Тулпар картасын оңой жана тез сатып алууга болот. Бул карта «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү, ал сизге картаны сатып ала турган жакынкы жерлерди тез табууга жардам берет.

Картаны колдонуу үчүн сизге:
— «Менин шаарым» мобилдик тиркемесин ачуу;
— «Транспорт» кошумча барагына өтүңүз;
— Жогорку оң бурчтагы «Тулпар» белгисин басыңыз.

Белгилей кетсек, Android түзмөгүнүн ээлери «Менин шаарым» мобилдик тиркемесин Play Market аркылуу жүктөп алышы керек, ал эми iPhone колдонуучулары көрсөтүлгөн тиркемени «App Store» дүкөнүнөн жүктөп алса болот.