Мураталы Тагаев Бишкектин Ленин районуна аким болду

Тагаев Мураталы борбор калаанын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

“Аким “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Мураталы Тагаев бүгүн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулган. Аталган кызматты ал 2022-жылдын мартынан бери аркалап келген.