“Актилек-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан алкоголдук ичимдиктерди алып кирүүгө бөгөт коюлду

 Бул тууралуу УКМК маалымат таратты. Анда аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан “Актилек-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргыз Республикасынын аймагына тиешелүү лицензиялары жок спирт ичимдиктерин мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлгандыгы айтылат. 
 "Текшерүүнүн жүрүшүндө спиртти Кыргыз Республикасынын аймагына этил спиртин жана алкоголдук продукцияны сатуу жана сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы жок ишкерлик менен алектенген субъекттердин бири тарабынан ташып келингени аныкталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, импорттолгон алкоголдун жалпы көлөмү 8 тоннага жакын", - деп айтылат маалыматта.
 Учурда Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте товарлардын келип чыгышын жана мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
c801a731 a224 413c 9152 d3e7d2188a71 “Актилек-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан алкоголдук ичимдиктерди алып кирүүгө бөгөт коюлду
29682210 e00a 4618 b052 904949e45af3 “Актилек-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан алкоголдук ичимдиктерди алып кирүүгө бөгөт коюлду
63b2e178 95ce 45b7 a473 bc20fe7d936d 1 “Актилек-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан алкоголдук ичимдиктерди алып кирүүгө бөгөт коюлду