Бишкек ШИИББинин башчысы: Издөөгө алынган кыздар өз ыктыяры менен жыныстык катнашка барышат

Бүгүн, 31-мартта Борбордук ички иштер башкармалыгында түз эфирде Бишкек ШИИББинин башчысы Азамат Ногойбаев жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасоо фактылары көбөйүп жатканын билдирди.

“Башкача айтканда сексуалдык активдүүлүк. Көптөгөн фактылар бар. Биз жергиликтүү бийлик менен биргеликте көптөгөн чараларды көрүп, профилактикалык иштерди жүргүзүп атабыз. Акыркы убакта дайынсыз жоголгон кыздар төмөнкүдөй кырдаалга туш болушту: алар бирөө менен таанышып, андан кийин өз ыктыяры менен жыныстык катнашка барышат. Анан ушундай окуялар болот. Албетте жашы жете элек балдар менен жыныстык катнашта болуу жоопкерчиликти тартат, андыктан эч ким жазасыз калбайт. Жада калса өз жанын кыйган кыз да турмушка чыккысы келген. Жашы жете элек болгондуктан, бул кырдаал болуп кетти”, – деп белгиледи Ногойбаев.

nrp30kqkinvwg1r1wvrivwb21u8rj33p Бишкек ШИИББинин башчысы: Издөөгө алынган кыздар өз ыктыяры менен жыныстык катнашка барышат