Мароккодогу жер титирөөдө 2 миң 12 киши каза болду

Мароккодогу жер титирөө 2 миң 12 адамдын өмүрүн алды, деп жазат 24kg агенттиги Reuters маалмат булагына таянуу менен.

Такталган маалымат боюнча, 2 миң 59 адам жабыркап, алардын 1 миң 404үнүн абалы оор.

Жер титирөөдөн каза болгондор тогуз провинция менен префектураларда катталган. Жер титирөөнүн очогу Аль-Хавз провинциясынын Игил аймагында болгон.

9-сентябрга караган түнү күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө болгон. Марокконун Улуттук геофизикалык институту билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Марракештен 80 чакырым алыстыкта жайгашкан тоолуу аймакта болгон. АКШнын Геологиялык кызматы өз кезегинде жер титирөөнүн күчүн 6,8 балл деп баалап, жер титирөө салыштырмалуу тайыз 18,5 чакырым тереңдикте болгонун билдирди