Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери уурулукту алдын алышты

2022-жылдын 20-мартында Ленин райондук күзөт бөлүмү тарабынан борбордук көзөмөл түйүнү аркылуу кайтарууда турган Бишкек шаарындагы Бильярд клубдарынын биринен саат 03:36 чамасында “Айгай” белгиси берилген.

Айгай белгиси берилген соң бөлүмдүн №461 ыкчам кармоо тобунун экипаж улугу милициянын прапорщиги Б. Кожобеков, автоматчысы милициянын старшинасы У. Капаров жана айдоочусу милициянын прапорщиги У. Жумабаев тез арада ыкчам жетип, жогорудагы Бильярд клубун курчоого алышкан.

Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери кароо жүргүзүү учурунда белгисиз азиат улутундагы жашы болжол менен 30-35 жаштагы кылмышка шектүү жаран мекеменин ичинен чыгып изин суутпай качып кетүүгө аракет кылган жеринен кармашкан.
Териштирүү учурунда, кармалган жаран Нарын облусунун тургуну 1989-жылы туулган К.Т. экендиги аныкталды Ал бильярд клубунун кассасынан акча каражатын уурдагандыгы аныкталып, андан соң Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын 1-ШМБна жеткирилип, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы