Энергетика министрлиги калкты кышка даярдыкты алдын ала көрүүгө чакырат

Бизде суу ресурстары тартыш жана электр энергиясы чектелүү. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, азыр Министрлер Кабинети менен сүйлөшүүлөр жүрүп, аймактарды газдаштырууга көмөктөшүү үчүн ири суммадагы каражат бөлүнүүдө.

«Биз электр жарыгын өчүрүүнү пландап жаткан жокпуз, ар бир үйдө электр жарыгы болушу керек, бирок тиричилик керектөөчүлөрүндө көмүр да болушу зарыл. Газ тармактары бар жерде электр менен жылытууга толук тыюу салабыз, бардыгына газ менен жылытууга өтүүнү сунуштайбыз. Газ кымбат, бирок ал электр энергиясына караганда арзан», – деди министрдин орун басары.

Байгазиевдин айтымында, алар буга чейин «Газпром» компаниясы менен маселени чечип, азыр РСК Банк калкка газ от казандарын сатып алуу жана үйлөрдү газга кошуу үчүн жеңилдетилген насыяларды берип жатат.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда газ от казандарын орнотуу кызматын көрсөткөн 40ка жакын ишкана бар.

“Алар жумушка даяр, бирок биздин калкыбыз көбүнчө алдын ала даярдык көрбөй, биринчи суук түшкөндө кыймылдай башташат. Биз маалымат ишин жүргүзөбүз, баары газ менен жылытууга өтүп, көмүр камдап алуусу тууралуу”, – дейт Байгазиев.

Анын айтымында, өндүрүлгөн жана импорттолгон электр энергиясы күз-кыш мезгилин өтүүгө жетиштүү, бирок электр энергиясын эң көп колдонуу маалында жылытууга жетпейт.

«Ошондуктан, керектөөчүлөр электр энергиясын мүмкүн болушунча үнөмдөп, жабдуулардын, линиялардын ашыкча жүктөлүшүнө алып келбеши үчүн маселенин үстүндө иштеп жатабыз», – деди ал.