
2010-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана аскер кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн жана издөөдө жүргөн кыргыз жараны Х.Д.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын бсма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-августта издөөдө жүргөн Ош облусунун Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган кыргыз жараны Х.Д.А. чет мамлекеттин аймагында кармалды.
Кармалган адам 2010-жылдын июнь айында Ош облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышкан деп шектелип, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран Ош шаарындагы 5-тергөө камак жайына киргизилет.