Бишкекте турак үй өрттөнүп жатат

Бишкекте турак үй өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Бүгүн, 18-августта таң эрте Бишкек шаарынын Ленин районундагы Муромская көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп, штаб, 1 суу ташуучу унаа тилсиз жоо менен күрөшүп, саат 8:13тө чектөөгө алынды

Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.