
10-августта Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын Северная көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрттү өчүрүү үчүн 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жеринде тилсиз жоо өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен 14:57де чектөөгө алынып, 19:33дө толук өчүрүлгөн.
“Кырсыктын кесепетинен темир калай менен жабылган үйдүн чатыры, ага жанаша турган убактылуу жашай турган эки бөлмөлүү үй күйгөн. Сарай, 3 куб отун, тактайлар, 1 тонна кездеменин калдыктары, кездемелер күйүп, 3 газ баллон жарылган.


Болжол менен өрт 300 чарчы метр жерди кучагына алган. Жабыркагандар жок, учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда”, – деп айтылат маалыматта.
