Июль – 1850-жылдан берки эң ысык ай болду

Июль айы – 1850-жылдан берки эң ысык ай болгону расмий аныкталды. Бул тууралуу климатты изилдөө боюнча европалык Copernicus кызматы билдирди.

Изилдөөчүлөрдүн маалыматында айтылгандай, июлда дүйнө жүзү боюнча абанын орточо температурасы 17 градус болгон. Бул өнөр жай дооруна чейинки абанын табынан 1,5 градус жана 2019-жылдагы ушул айдагы рекорддук ысыктан 0,3 градус жогору болду.

Кошумчалангандай, абанын мындай ысышы бардык континенттерде тегиз байкалган.