Мамлекеттик Думанын Бюджет жана салык боюнча комитети чет элдик жарандар Россияда иштегенде төгө турган төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнү сунуштоодо.
Документти иштеп чыккан «Адилеттүү Россия» партиясынын өкүлдөрү патент акысын 1200дөн 4800 рублга (12 доллардан 50 долларга чейин) жогорулатууну сунушташты. Демилге авторлорунун айтымында, бул кадам эмгек базарында орус калкын колдоого багытталган.
Расмий маалыматтар боюнча былтыр Россияга 3,5 миллиондой мигрант иш издеп барган. Алардын 90 пайыздан ашыгын Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары түзөт.