Көл жээгине чейин кирип барган айдоочуга айып салынды

Ысык-Көлдө жол тандабас унаасы менен көл жээгине чейин кирип барган айдоочу табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-августта соцтармактарга белгисиз айдоочу Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын көл жээгинде унаасы менен жүргөнү тартылган видео чыккан. Видеонун автору тиешелүү мамлекеттик органдардан айдоочуга чара көрүүнү суранган.

Аталган факт милицияда каттоого алынып, кызматкерлерге айдоочуну табуу боюнча тапшырмалар берилген.

8-августта Ысык-Көл облусу боюнча ЖКККБнын инспекторлору видеого тартылып калган Toyota Land Cruiser унаасынын айдоочусун табышкан. Ал Каракол шаарынын 37 жаштагы тургуну болуп чыккан.

«Чогултулган материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген. Айыл өкмөтү тарабынан 5 миң миң сом айып пул салынып, унаа айып аянтчасына токтотулду», — деп айтылат маалыматта.