Ысык-Көлдү булгаган скутердин ээси айыпка жыгылды

Ысык-Көлдүн үстүндө май калкып турганы тартылган сүрөткө байланыштуу скутердин ээси табылып, 10 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.

Учурда башкармалыктын адистери мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу чараларын көрүп жатышканын кошумчаланды.

Буга чейин соцтүйүндө Ысык-Көлдүн үстүндө май калкып турганы тартылган сүрөт тараган. Анда сүрөт көлдүн түндүк жээгиндеги «Алтын Кум» эс алуу жайында тартылганы айтылган.