Камчыбек Ташиев: “Май жок калса, 3 министр башыңар менен жооп бересиңер”

Бүгүн, 24-мартта Министрлер кабинетинин жыйыны болуп өттү. Жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө тынч эмес мезгилде негизги милдет азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналарын айтты. 

Анын айтымында, азык-түлүк запасы үчүн экономика министри Данияр Амангелдиев, каржы министри Алмаз Бакетаев жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев жеке жоопкерчиликте. «Алдын ала иштейли. Эртең мамлекетибизде май жок деп отурбайлы. Жоопкерчилик алгандар келишим түзгүлө. Эгер азык-түлүк коопсуздугу боюнча кандайдыр бир маселе жаралса, 3 министр башыңар менен жооп бересиңер»,- деди Ташиев.