Нарын ОИИБи: Кочкор районунда ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

2022-жылдын 23-мартында Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы менен район аймагындагы Ак-Кыя, Сары-Булак жана Төлөк айылынын тургундарына жолугуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы Жарлыгын элге жеткирүү максатында жергиликтүү имамдардын катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

WhatsApp Image 2022 03 24 at 07.31.03 1 Нарын ОИИБи: Кочкор районунда ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Жолугушуу учурунда айыл тургундарынын көйгөйлүү маселелери айтылып, суроо талаптары жана сунуш ой-пикирлери кабыл алынып, ошондой эле жаз келип, жазгы ички жайыттарга көчүп конуулар башталгандыктан жана мал уурулуктун алдын алууда ар бир жаран өз малдарына сак болуп, кароосуз калтырбоо жагы эскертилди.

WhatsApp Image 2022 03 24 at 07.31.04 1 Нарын ОИИБи: Кочкор районунда ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Мындан тышкары үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жалпы эле укук бузуулар кылмыш кырсыктардын алдын алуу багытында Кочкор райондук ички иштер бөлүмү тарабынан жеринде түшүндүрүү иштери уланууда.

WhatsApp Image 2022 03 24 at 07.31.04 Нарын ОИИБи: Кочкор районунда ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы