
Президент Садыр Жапаров кечээ, 30-июлда жумушчу сапарынын алкагында Ош облустук «Төлөйкөн» ат майданын капиталдык реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, быйыл ат майданды капиталдык оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 45 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө иштердин негизги бөлүгү аяктады. Реконструкциялоо долбоорунда төмөнкүлөр каралган:
— жаңы конференц-зал куруу;
— ат чабыш жолуна жана көк-бөрү оюн талаасына кум төгүү;
— негизги трибунаны капиталдык оңдоп-түзөө, жаңы 4040 орундук жана кошумча трибунанын үстүнө бастырма орнотуу;
— сырткы жарыктандырууну орнотуу;
— жаңы тосмолорду орнотуу.
Садыр Жапаров ат майдандын оңдоп-түзөө иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды. 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата аталган ат майданда алгачкы майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.


