Үч адамдын өлүмү: күбөлөрдүн келбегенине байланыштуу отурум жылдырылды

Бүгүн, 27-июлда Октябрь райондук сотунда Бишкекте апасы, уулу жана кызын өлтүрдү деп шектелген жарандын кезектеги соттук отуруму өтмөк. Бирок күбөлөрдүн келбегенине байланыштуу отурум жылдырылды. Бул тууралуу маалымат агенттигине аталган райондук соттон билдиришти.

“Күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу 3-август саат 10:00гө жылдырылды”,- деа айтылат соттун маалыматында.

16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адам киши колдуу болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон. Ошондой эле үйдөгү камерага түшүп калган үрөй учурган видео тараган. Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары кылмыш иш тергелип жатканын, ишти сотко өткөрүүгө жетиштүү далилдер бар экенин айткан.