Өзбекстанда Кыргызстан менен Кытайдын элчилери жолукту

Кечээ, 27-июлда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Кытайдын Өзбекстандагы элчиси Ю Цзюнь менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Элчилер Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун да талкуулашты. Бул инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташуу боюнча келишим түзүлдү.

Муса Жаманбаев менен Ю Цзюнь “Борбордук Азия – Кытай” мамлекет башчыларынын биринчи Саммитинин жыйынтыгында өлкөлөрдүн жана элдердин ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кызмат кылган форматты белгилей кетишти. 

Элчи Жаманбаев элчи Ю Цзюнду дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, бардык пландардын ийгиликтүү ишке ашырылышын каалады.

Белгилей кетсек, Ю Цзюнь июль айынын башында Кытайдын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалган.