Айза Улан кызынын өлүмү: күбөнүн көрсөтмөсүн өзгөртүүнү талап кылган адам кармалды

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан автокырсыктан каза тапкан ИИМдин Академиясынын курсанты Айза Улан кызынын өлүмү боюнча кылмыш ишин тергөө улантылууда.

Тергөөнүн алкагында М.Л.Ж. аттуу жаран күбө катары суракка алынып, тергөө органдарына учурда айыпталып жаткан У.Э.Н.нын автокырсыкка тийиштүүлүгү тууралуу олуттуу маалыматтарды билдирген. Андан кийин Р.у.Д. аттуу жаран М.Л.Ж.нын жеке маалыматтарын социалдык тармактарда таратуу жана каралоо менен коркутуп, ага жалган көрсөтмө берүүнү жана У.Э.Н.га каршы мурда берилген көрсөтмөлөрдөн баш тартууну талап кылган.

Белгилей кетсек, Р.у.Д. аттуу жаран Айза Улан кызынын өлүмүндө айыпталып жаткан негизги айыпталуучу У.Э.Н.нын таанышы болуп эсептелет.

«2023-жылдын 18-майынан 19-майына караган түнү Бишкек шаардык прокуратурасы жана Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча күбөгө кысым көрсөтүү фактысы катталгандан кийин Р.у.Д. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген»,-деп жазылат маалыматта.

Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Р.у.Д. аттуу жаран «ВЭБ-кам студияларынын» уюштуруучусу экендиги аныкталган. Ал Бишкек шаарынын аймагында порнографиялык материалдарды таратууга байланышкан виртуалдык интим кызматтарын көрсөтүү үчүн жаш кыздарды тартуу аркылуу мыйзамсыз иш жүргүзүп келгендиги такталды. Кечиктирилгис тергөө аракеттерин жүргүзүүдө укукка каршы иш-аракетти күбөлөндүргөн буюмдук далилдер табылып, алынды.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча активдүү тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Screenshot 2023 05 20 09 48 21 348 com.facebook.katana Айза Улан кызынын өлүмү: күбөнүн көрсөтмөсүн өзгөртүүнү талап кылган адам кармалды