“Телефондук террористке” баш коргоо чарасы каралды

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

  Маалыматка караганда, 2023-жылдын 18-майында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү фактысы боюнча кылмыш иши каралды жана элдин учурдагы терең нааразылыгын эске алуу менен иштин бардык жагдайлары изилденген.

Келип чыккан терс кесепеттер боюнча сот тарабынан соттолуучу Н.А.А.ны күнөөлүү деп табылып, аталган кылмышты жасагандыгы үчүн айыпталып, алты айга эркиндигинен ажыратылды жана жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтүүсү тандалды.
Буга чейинки окуя: 2023-жылдын 3-февралында саат 06:21де 112 нөөмөт кызматына, Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Дзержинский бульварынын кесилишинде колго жасалган жардыруучу зат тууралуу жашыруун маалымат келип түшкөн. Кийинчерээк ал маалымат тастыкталган эмес.
Бул факты боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси “Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү” боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, КР 27.08.1982-ж.т. Н.А.А. аттуу жараны аныкталып, тергөө амалдарынын жүрүшүндө бейбаштык үчүн жасагандыгын мойнуна алган.
КР УКМК мындай аракеттер кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылаарын белгилейт, анткени Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык, боло турган жарылуу тууралуу атайылап жалган маалыматты айтып, өрттөө же өлүм же оор жаракат алуу коркунучун туудурган башка аракеттер, бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500 сомдон 1000 сомго чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айыпка же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.