“Менин үч грыжам бар, мени өмүр бою эркиндигимен ажыраткыла, акмактар”: Атамбаевди соттук отурумдан чыгарып салышты

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш ишин кароону бүгүн да улантты. Ага Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов алынып келинди.

Алмазбек Атамбаев аны өмүр бою эркиндигинен ажыратууну суранып, соттук отурумдан кетиришин соттон талап кылды.

“Менин үч грыжам бар, мени шылдыңдабагыла!Мен соттук отурумга катыша албайм”, – деди Атамбаев.

Ал кайрадан изолятордун аййнегин тепкилеп баштаганда, аны соттук отурумдан кетиришти.

YouTube video

Атамбаев аны сот залынан чыгарууну өтүндү – YouTube