Чет элдик номурлуу унаалардын айдоочуларынын арасында жол кырсыктарынын алдын алуу иштери жүрүп жатат

ЖКККББ: чет элдик номурлуу унаалардын айдоочуларынын арасында жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык, чет өлкөлүк жактар тарабынан же жергиликтүү жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу мөөнөткө ташылып келинген кошуна мамлекеттерде каттоодо турган транспорт каражаттары 6 айдан ашпаган мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылып кетиши шарт.


Өз кезегинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесин бузган айдоочуларды, ошондой эле чет өлкөлүк номурлуу транспорт каражаттарын текшерүү жана аларга чара көрүү иштерин улантууда.
Мындан тышкары, транспорт каражаттарын каттоо тартибин бузган бардык айдоочуларга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык чара көрүлөрүн эскертебиз.


2022-жылдын 3 айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан транспорт каражаттарынын каттоо тартибин бузуу боюнча 4 миң 376 эреже бузуу аныкталып бузуу протоколдору толтурулду жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 38-беренесинин 9-пунктунун негизинде 150дөн ашык айдоочуларды, транспорт каражатын башкаруудан убактылуу четтетилген.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат. Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.


ИИМдин ЖКККББнын Басма-сөз кызматы