Бул туурасында ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 19-июль күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Ысык-Көл облусундагы “Алтын-Көл” эс алуу жайында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо кызматында жүргөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлери милициянын старшинасы Санжар Эшалиев менен милициянын прапоршиги Максат Болотбековго Россиядан келген туристтер 4 жашар баласын жоготуп алгандыгын айтып, жардам сурап кайрылган.
“Ошол замат полктун кызматкерлери эс алуу жайдын айланасын издешип, тапкан соң баланы аман-эсен ата-энесине өткөрүп берген. Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракетине Россиядан келген туристтер ыраазычылык билдирген”, деп айтылат маалыматта.
![87680361 3983 48ca ae2f 7186af0a7f2c Милиционерлер Ысык-Көлдө туристтердин адашып кеткен 4 жаштагы баласын таап беришти](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/87680361-3983-48ca-ae2f-7186af0a7f2c.jpeg)
ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы