“Биз эмне ит белек бизди “чипировать” эткендей”: “Тазалык” ишканасынын эмгек жамааты директорго нааразы

Бир топ пикир келишпестиктерден улам “Тазалык” ишканасынын эмгек жамааты аталган ишкананын учурдагы директору Рамиз Алиевге эмгек жамааты нааразы болуп, Садыр Жапаровго жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго кайрылуу жолдошту.

Кайрылууну өзгөртүүсүз беребиз:

Биз Бишкек шаарынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана жумушчулары, “Тазалык” ишканасынын азыркы убактагы директору Алиев Рамиз Гульоглановичке нааразычылык билдирип, аны директорлук кызматынан бошотуп берүүңүздү суранабыз. Биздин бул өтүнүчүбүздүн себеби төмөнкүдө:

  • Алиев Р.Г. жалпы эмгек жамаатынын өтүнүч, ой пикир, көз караштарын эске албастан, өзум билемдикке салып, ишкананын абоненттик кызматынын 30 дан ашуун кызматкерине сөгүш жарыялаган. Ал учурда сөгүш алган кызматкерлердин 10 -15 жылкы эмгек стажы жана “Тазалык” ишканасына сиңирген эмгеги эске алынган эмес.
  • Алиев Р.Г. “Тазалык” ишканасына директор болуп келгенине 3-4 ай болбой туруп ишканага 19-20 чакты кызматкерлерди өзү мурда иштеген “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасынан ала келип, орчундуу кызмат орундарына кабыл алып жатат.
  • “Тазалык” ишканасынын эмгек жамаатын “өзүмдүкүлөргө жана өзүмдүкү эместерге” бөлүп, жалпы эмгек жамаатынын ыркын кетирүүдө. – Алиев Р.Г. “Тазалык” ишканасындагы кызмат абалын Бишкек шаарынын жашоочуларына “өзүнө пиар” катары колдонуп, көп башка кызматкерлердин аткарган эмгегин “мен жасадым”- деп өзүнө ыйгаргандыгы.
  • Алиев Р.Г. административдик башкаруу кызматкерлеринин кээ бир кызматкерлери менен болгон чогулушта, “этика кодексин” эске албастан кызматкерлерге (кыздарга) орой мамиле жасап, коркуткандыгында.
  • Ишкананын эмгек жамаатынын пикирин эске албастан, жаңы келген автоунаа ж.б. (кабинеттерди оңдоо, эмерек, компьютердик техника) өзүнүн жакын адамдарына гана бөлүнүп берилген.
  • Жумушка кабыл алынган кызматкерлери (механик жана гараж башчысы) кесиби боюнча “юрист” болгонуна карабастан, жогорку техникалык билим талап кылынган кызмат ордуна коюлуусу, ал кызматкерлердин ишти билбөөсүнөн улам, айдоочулардын, моторист жана ширетүүчүлөрдүн арасында нааразычылык көбөйүп, конфликттерге алып келүүдө.
  • Алиев Р.Г. ишкананын өндүрүш жаатын жакшы билбестигинен керексиз, туура эмес ротация жасап Свердлов районунда таштанды чыгаруу кыйынчылыкка туш болгон, (он жылдан ашуун эмгек тажрыйбасы бар Б.Султанбековду ротация кылып, анын ордуна катуу калдыктарды чыгаруу боюнча тажрыйбасы жок Күрүчбеков Калысты алып келүүсү).
  • Р.Г. Алиевдин Коомдук аймактарды тазалоочулардын иштерин көзөмөлдөө максатында, аларды “чип” аркылуу текшерүү демилгеси, “биз эмне ит белек бизди чипировать эткендей” Алиевге чейин эле “чипсиз” иштеп келгенбиз” – деп жумушчулардын ачуусун келтирүүдө. – Алиев Р.Г. келтирилген фактылардан сырткары “мен “Тазалыкты” толук тазалаймын, дагы жаны 20-30 кызматкерлерди алып келем – деген сөздөрүнөн улам, көптөгөн кызматкерлер башка иш орундарын издеп башташты.

“Жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтердин негизинде “Тазалык” ишканасынын эмгек жамаатынын Алиев Р.Г. менен тил табышып иштөөсү мүмкүн эмес, ошондуктан ишкананын жамаатынын суранычын туура түшүнүп Р.Г. Алиевдин кызмат ордунан бошолуусуна терең ишенебиз”, – деп айтылат кайрылууда.