Эртай Исаков кайра шайлоого катышат

12-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына талапкер (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) Исаков Эртай Дүйшөбековичтен Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер катары катышуу ниети жөнүндө арыз келип түшкөн. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоодо №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 10-августунда аяктайт.

Жогорку Кеңештин депутатына №26 Ленин округу боюнча кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. 

Эскерте кетсек, шайлоо 28-майда өткөн. Алдын ала маалымат боюнча Дамира Ниязалиева жеңген. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алууга” байланыштуу доомат айтылган.

Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат.