Талас шаарында “Өспүрүм-эмгек” рейди жүрүүдө


Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган рейддин максаты – эмгекке тартылган жаш өспүмдөрдү аныктоо, алардын ата-энелерине жана жумуш ордун камсыздап берип жаткан физикалык жана юридикалык жактарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

“Өспүрүм балдар акча табуу, мектепке даярдануу максатында ар кандай жумушка иштеп үй-бүлөсүн жана өзүн багууга аракет кылышат. Бирок, кээ бир учурларда оор шарттарда, ден соолугуна зыян тийгизген эмгекти аткаруу болуп калууда.
Талас шаарынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы шаардык билим берүү мекемеси менен бирдикте атайын рейд өткөрүүдө. Анда борбордук базар, коомдук тамактануу, дүң дүкөндөр, соода түйүндөр жана унаа жуучу жайлар текшерилди. Текшерүү учурунда унаа жуучу жайда иштеген 3 бала, жер-жемиш саткан базарда 3 жана соода сатыкта иштеген 5 өспүрүм аныкталды”
, – деп айтылат маалыматта.

Алардын ата-энелери чакыртылып, иштеген жердеги жетекчилерине эскертүүлөр берилип, айрымдарына административдик протоколдор түзүлдү.

2e091607 4741 4290 b55c 35aa648f8f68 Талас шаарында “Өспүрүм-эмгек” рейди жүрүүдө
b02e8577 0d9f 4254 8e81 5ec42ff8d1fd Талас шаарында “Өспүрүм-эмгек” рейди жүрүүдө
2fbee945 7607 43c2 8627 00ccf5f237cd Талас шаарында “Өспүрүм-эмгек” рейди жүрүүдө
326b09e8 8160 48aa bc1c 775d1b94ef31 Талас шаарында “Өспүрүм-эмгек” рейди жүрүүдө