Баткенде ишкерди алдоо жолу менен ири суммадагы чыгымга учураткан жаран кармалды

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен ОИИБдин башчысы милициянын генерал-лейтенанты Мурат Бороновдун тапшырмасы менен Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлеринин биргеликте ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы турак үйлөрдүн калыбына келтирүү курулуштарынын материалдарынын акчасын бербей, ишкерлерди алдап ири өлчөмдө чыгым келтирип, изин жашырып жүргөн, Лейлек районунун 56 жаштагы тургуну Д.К. 2023-жылдын 13-июль күнү Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен аныкталып, кармалды.


Эске сала кетсек, Баткен облустук милициясына Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну арыз менен кайрылып, алдамчылык жолу менен ири суммадагы чыгым алып келген жаранга карата тиешелүү чараларды көруп берүүнү суранган. 2022-жылдын сентябрь айында Тажикстан менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда орун алган куралдуу кагылышууда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүүдө Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 57 үйдүн курулушу менен Лейлек районунун тургуну 1967-жылы туулган Д.К. алектенмей болгон. 2023-жылдын январь, февраль айларында жабырлануучудан мурда товар алып акчасын кайтарып жүргөн мамилесинен пайдаланып, Баткен районундагы темир материалдарын иштетүүчү цехинен 2023-жылы жалпы суммасы 1 295 482 сомдук курулуш материалдарын алып, 2023-жылдын 26-мартына чейин акчасын алып келип беремин деп алдап, убадалаган убактысына акчасын бербестен, байланышка чыкпай, качып кеткен.


Аталган факты боюнча Баткен ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан 2023-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмүнүн (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.
Бул кылмыштын бетин ачуу ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековтун жеке көзөмөлүндө болгон.