
Бишкекте каналдан аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын Шабдан Баатыр проспектиси менен Муктар Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде каналдан аялдын сөөгү табылган.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Учурда Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан маркумдун өздүгү такталууда.