Мектептин короосунан 37 жаштагы жаран асынган абалда табылды

Бишкекте мектептердин биринин короосунан 37 жаштагы жаран асынган абалда табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-июлда саат 09:14тө «102» кызматына шаардагы мектептердин биринин түндүк-батыш тарабындагы секичеде (крыльцо) эркек киши өз жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу барган. Милиция аныктагандай, маркум 37 жаштагы А.Э. аттуу жаран болгон. Ага кароо жүргүзгөн учурда эч кандай жаракаттар табылган эмес.

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Ал мектепте хореограф болуп иштеп жүргөн.

Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.