«Казак» зордуктоого шектелүүдө

Май айында Ош шаарында милиция тарабынан кармалып, андан кийин сот күрөө менен камактан чыгарган «Казак» каймана аты менен таанымал Умар Маратов зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу өлкөдөгү ММКлардын бири жазды.

Маалыматка караганда, каргашалуу окуя 24-июнга караган түнү болгон. Милицияга төрт адамдын үстүнөн арыз түшкөн.

Кыз окуядан кийин катуу жабыркап, өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Жабыркаган кыздын туугандары милиция чара көрбөй жатканына арызданып, көз жуумп жатканын билдиришкен.

Ош облустук милициясы арыз түшкөнүн ырастап, бирок тергөөнүн купуялуулугу деп иш боюнча, Умар Маратов кармалып-кармалбаганын тактаган жок. Болгону учурда тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, май айынын аяктарында Ош шаарында Умар Маратов менен анын кылмыштуу шериги делип Кара-Суу районунун 45 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Экөө теӊ мурда бир нече ирет соттолушкан.

«Кармалгандар 2022-жылы Жалал-Абад шаарында Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургунунун Toyota Camry 70 унаасын коркутуу жолу менен тартып алышып, Ош шаарында башка жаранга сатып жиберишкен», — деп билдиришкен милициядан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иши башталган.

Милиция кармагандан кийин Ош шаардык соту Умар Маратовду эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошоткон. Белгилүү болгондой, ал 1 млн сом күрөө коюп камактан чыккан.

Эскерте кетсек, «Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп саналат. Ал зордуктоого шектелген учур биринчи жолу болуп жаткан жок. Маратов 2020-жылы 26-майда шаардык сот тарабынан 16 жашар кызды зордуктаган деп айыпталып 10 жылга эркинен ажыратылган.