Панфилов районунда сарайдан 11 жаштагы баланын асынып турган жансыз денеси табылды

Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Чалдовар айылындагы сарайдан 11 жаштагы баланын асынып турган жансыз денеси табылды.

Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айыл тургундары билдиришти. «Окуучу бала телефондун айынан ушуга барды деп айылдыктар айтып жатышат», – дешти алар.


Чүй ОИИБдин басма сөз кыматы бул окуя 5-мартта болгонун тастыкташты. «2022-жылдын 5-мартында саат 11:22 чамасында Панфилов РИИБге Панфилов районунун ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн Чалдовар айылынын 2011- жылы туулган тургуну М.А.нын жансыз денеси жеткирилгени боюнча маалымат
түшкөн.

Баланын денеси сарайда асынып турганда табылганы белгилүү болгон.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда», –
деп айтылат маалыматта.