Арзыбек Кожошев «Айчүрөк» соода жана оюн-зоок комплексин текшерди

КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бишкек шаарындагы «Айчүрөк» соода жана оюн-зоок комплексине пландан тышкаркы текшерүү менен барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

unnamed 4 Арзыбек Кожошев «Айчүрөк» соода жана оюн-зоок комплексин текшерди

Текшерүү максаты – «Айчүрөк» соода жана оюн-зоок комплексинде иштеген соода түйүндөрүндөгү контролдук-кассалык машиналардын (ККМ) пайдаланылышы боюнча абалды изилдөө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым сатуучулардын ККМ тууралуу түшүнүгү жок экендиги, айрымдары орнотууга ниеттенбей жаткандыгы белгилүү болду.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, пенсия, дарыгерлер менен мугалимдердин маянасы, ар кандай социалдык төлөмдөр өңдүү мамлекеттин социалдык милдеттенмелеринин өз убагында төлөнүшү да контролдук-кассалык машиналардын ишке киришинен көз каранды.

«Бул жерде соода түйүнүн ижарага алуу 30 миң сомдон башталат. Бул каражаттын баары соода борборлорунун ээлерине кетет, бирок биздин максат үй-бүлөсүн өз эмгеги менен баккан сатуучулар эмес. Биз ири соода түйүндөрүнүн салык төлөшүн каалайбыз. ККМ болбосо бул жерде, же башка соода борборлорунда канча соода түйүндөрү иш жүргүзүп жаткандыгын биле албайбыз. Бул өтө маанилүү»,- деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Ал КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жеке ишкерлер арасында контролдук-кассалык машиналарга өтүү зарылчылыгы тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча ишин катуу сынга алып, бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырды жана салык кызматы тарабынан мындай шалаакылыкка жол берилбеши тийиштигин билдирди.