Билим берүү борборундагы жаш баланын сабалганы боюнча милиция текшерип жатат

Кыргызстандын социалдык тармактарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга инклюзивдүү билим берүү борборунда тартылган видео тарады. Анда маалымдалгандай борбордо мугалим баланы сабап, орой мамиле жасаган.

Ал эми Октябрь райондук ички иштер бөлүмү окуя каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалды.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул факты 5-кичирайондогу инклюзивдик билим берүү борборлорунун биринде болгондугу аныкталды. Жашы жете элек М.Н. 2022-жылдын август айынан бери келип жүргөн. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп милициядан билдиришти.