Бишкектеги букмекердик кеңселерге рейд жүрдү

Октябрь акимиаты букмекердик кеңселерди текшерүү боюнча рейддерди улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жумушчу топ букмекердик конторалардын администрациясы менен кумар оюндарын уюштурууда жана өткөрүүдө мыйзамсыз иштердин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө төмөнкү даректер боюнча 5 букмекердик кеңсе текшерилди:

— Сүйөркулов көчөсү №20/88 дарегиндеги «Вал-трейд Вал коин»;

— Сүйөркулов көчөсү №20/20 дарегиндеги “Ринго трейд”;

— Ахунбаев көчөсү №116а дарегиндеги «Ринго трейд»;

— Ахунбаев көчөсү №124 дарегиндеги «1$ трейд»;

— Ахунбаев көчөсү №122 дарегиндеги «Вин трейд».

Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-декабрындагы “Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз ишке бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык жүргүзүлүүдө.