Тургундардын билдирүүсү боюнча ишкананын саркынды суусу Ысык-Көлгө куйган факты аныкталды

Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Ага ылайык, 16-март күнү социалдык тармактарда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын четиндеги ишканадан чыккан саркынды суулар агын сууга куюлуп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.
“Бул маалымат боюнча Ысык-Көл ОИИБнын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери жерине барышып, арыктын четинде орун алган темир түтүктөн саркынды суулар арыкка агып жатканын аныкташкан. Ал эми, саркынды суулар агып жаткан жерде жагымсыз жыт орун алганын жана саркындуу суунун өӊү бозомтук экени да такталды.
Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, топтолгон материалдар экологияга келтирилген зыянды аныктоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет. Корутундунун жыйынтыгы боюнча райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан юридикалык баа берилмекчи”, – деп айтылат билдирүүдө.
Текшерүү иштери уланууда.

WhatsApp Image 2023 03 16 at 14.17.33 1 Тургундардын билдирүүсү боюнча ишкананын саркынды суусу Ысык-Көлгө куйган факты аныкталды
WhatsApp Image 2023 03 16 at 14.17.34 1 Тургундардын билдирүүсү боюнча ишкананын саркынды суусу Ысык-Көлгө куйган факты аныкталды
WhatsApp Image 2023 03 16 at 14.17.34 2 Тургундардын билдирүүсү боюнча ишкананын саркынды суусу Ысык-Көлгө куйган факты аныкталды
WhatsApp Image 2023 03 16 at 14.17.33 Тургундардын билдирүүсү боюнча ишкананын саркынды суусу Ысык-Көлгө куйган факты аныкталды