Эл өкүлдөрү Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш бүгүн, 16-марттагы отурумда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна сунушталган Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин карап, жактырды.

Жыйында анын талапкеригин президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. Депутаттар Тургунбаевдин талапкерлигин суроо-жоопсуз колдоп берүү чечимин кабыл алышты.

Буга чейин анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети да колдогон.

Мелис Тургунбаевди президент Садыр Жапаров 15-мартта экология министринин милдеттерин аткаруучу кылып дайындаган. Аны эмгек жамаатына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырган. Тургунбаев «Кыргызмунайгаз» ААКынын башкы башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган. Экономика илимдеринин доктору, ошондой эле Эл аралык кесипкөй директорлор ассоциациясынын мүчөсү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин буга чейин Динара Кутманова башкарып келди. Ал 15-мартта кызматтан алынды.