
Чүй облусунда аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды сатуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-июлда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде мыйзамсыз ташылып келинген күйүүчү-майлоочу майларды сатуу боюнча ири кампа табылды. Ал жер тиешелүү уруксат кагаздары жана мамлекеттик органдарда каттоо документтери жок май куюучу жай катары жабдылганы аныкталды.
