Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй районунда сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда.
Белгилей кетсек, 5-июлда Жаңы-Турмуш айылында Чоң Чүй Каналына 20 жаштагы жаран сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшүп, буга чейинки издөө иштери жыйынтык бере элек.
Мындан тышкары кечээ, 6-июлда Чүй районунун Садовое айылынын 1957-жылы туулган М.Т. аттуу жараны Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Кеч кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулган.
Кайрадан бүгүн таң эрте Токмок шаардык ӨКбдан 4 куткаруучу, Чүй райондук ӨКБдан 9 куткаруучу, жардамга Ысык-Ата райондук ӨКБдан 6 куткаруучу, Аламүдүн райондук ӨКБдан куткаруучу тартылды.
Учурда издөө иштери жүрүп жатат жана бул тууралуу кошумча маалымат берилет.