Каракчылык кылууга аракет кылган шектүү жаран кармалды

Бишкекте каракчылык кылууга аракет кылган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 12-июнь күнү болжол менен саат 09:00до Ленин районунун аймагында болгон. Жабырлануучу унаасы менен Профсоюзная көчөсүндө бара жатканда, белгисиз адам жөө өтмөккө туруп, айдоочуну алаксыткан. Ошол учурда башка кылмышкер унаанын оң жагынан келип, айдоочунун бетине газ баллон менен чачып, анын 1 млн сом салынган сумкасын алып кетүүгө аракет кылган. Бирок кылмышы ишке ашпай, алар окуя жеринен качып кетишкен. Бул боюнча жабырлануучу райондук милицияга кайрылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүүлөрдүн бири катары А.Б. аттуу жаран кармалган. Ал буга чейин ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон.

Шектүү райондук соттун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган.

Учурда аталган ишке катыштыгы бар адамдарды издөө иштери жүрүүдө.