Билим берүү жана илим министрлиги Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) бүтүрүүчүлөрү жогорку упай алган мектептердин тизмесин жарыялады.
Ведомствонун рейтингинин сап башында Е. Б. Якирдин атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи турат, мында 7 бүтүрүүчү эң жогорку упайды жана “Алтын сертификат” алган.
Ошондой эле “Алтын сертификат” алууга 4төн бүтүрүүчүсү талапкер болгон мектептер:
- Бишкек шаары, №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси;
- Бишкек шаары, Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы орто билим берүүчү мектеби;
3төн бүтүрүүчүсү:
- Бишкек шаары, №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекс;
2ден бүтүрүүчүсү:
- Бишкек шаары, №12 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
- Бишкек шаары, “Келечек” билим берүү комплекси;
- Ош облусу, Ош шаары “Сема” Ош лицейи;
- Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи;