Турист унутуп калган рюкзакты кайтарып берген милиционерлерге ыраазычылыгын билдирди

Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, чет элдик туристтердин жана эс алуучулардын кайрылууларына өз убагында сервистик тейлөө жана жардам көрсөтүү максатында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын базасында төрт тилде – англис, түрк, орус жана кыргыз тилдеринде call-борбор иштеп келүүдө.

“Ар бир жаран 0705 009 102 номерине чалып, коопсуз эс алуу жана аймакты жакшы билбесе, багыттоо боюнча бардык керектүү маалыматтарды ала алышат.
Жакында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын call-борборуна Кытай мамлекетинин жараны Хуан Сиоминг чалып, Каракол шаарындагы автобекеттердин биринде рюкзагын унутуп кеткенин билдирди. Ошондой эле чет элдик турист, анын рюкзагында зарыл болгон документтер жана буюмдар бар экенин маалымдаган.
Чет элдик жаран тарабынан жоготуп алган буюм тууралуу багыттамалар дароо Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамына жана кайгуул экипаждарына берилип, издөө иштери колго алынган. Көп узабай, шаардык милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү чет элдик туристтин жоготуп алган буюмун таап беришип, ээсине кайтарып беришкен”, деп айтылат маалыматта.


Кытай жараны Хуан Сиоминг жоголгон рюкзагын издөөдө көргөзгөн ыкчамдыгы үчүн милиционерлерге ыраазычылыгын билдирди.

38426ebb 9250 49f6 8123 060273045f4e Турист унутуп калган рюкзакты кайтарып берген милиционерлерге ыраазычылыгын билдирди