Адам укуктарынын жалпы декларациясына 75 жыл

Мындан 75 жыл мурда Бириккен Улуттар Уюму эң баалуу жана маанилүү документтердин бирин кабыл алган – быйыл Адам укуктарынын жалпы декларациясынын (UDHR) 75 жылдыгы белгиленет. 

Декларацияда жалпы адам укуктарын коргоо, аларды бекемдөө жана андан ары өнүктүрүү туурасында баса белгиленет.  Бул адам укуктары жаатындагы эң маанилүү жана тарыхый документ. 75 жыл мурун Декларациянын кабыл алынышына болгон себептер азыркы тапта деле өз актуалдуулугун жоготпойт. 

Ошол кездеги шыктанууну жана энергияны кайра жандандыруу, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча адам укуктары жаатындагы гармонияны калыбына келтирүү Бириккен Улуттар Уюму үчүн маанилүү. 

Адам укуктарынын жалпы декларациясынын (UDHR) 75 жылдыгы менен катар быйыл Адам укуктары боюнча бүткүл дүйнөлүк конференциянын 30 жылдыгы белгиленет. 1993-жылы өткөрүлгөн бул конференция Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча бюросун түзүүгө негиз болгон. 

Бул ар бир адамдын кадыр-баркын урматтоо жолундагы маанилүү баскыч болуп саналат. 

Ар бир адамдын укугу корголуусу шарт 

1948-жылы Адам Укуктарынын Жалпы Декларациясында бардык адамдар үчүн адам укуктарын илгерилетүү жана коргоо глобалдык деңгээлде эркиндиктин, адилеттиктин жана тынчтыктын негизи болуп саналат деп таанылган. Мындан тышкары, Декларация адам укуктары универсалдуу, бөлүнгүс жана бардык маданияттарды, диндерди жана континенттерди бириктирген башкы баалуулуктарга негизделгенин тастыктайт. 

Акыркы 75 жылдын ичинде адамзат бир топ тассирдүү жетишкендиктерге ээ болду. 

Бул прогресстин өзөгү – инсандын, коомчулуктун жана глобалдык деңгээлде адам укуктарын таанууну үзгүлтүксүз кеңейтүү болуп саналат. 

Адам укуктарын илгерилетүү жана коргоо максатында мыйзамдардын жана структуралардын экосистемасы түзүлдү, ал адам укуктары боюнча тогуз негизги эл аралык документти камтыйт.

Ошол эле учурда саясий, экономикалык, социалдык жана технологиялык күчтөр Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кадыр-барк жана тең укуктар жөнүндөгү убадасына доо кетирүүдө. 

Ар бир адам үчүн жакшыраак, бирдей, адилеттүү жана гүлдөп өнүккөн чөйрөнү курууга шыктандыруу жана жардам берүү үчүн адам укуктарынын потенциалынын көбү колдонула элек.

Мындан тышкары, дүйнөнү каптаган кризис, теңсиздик, гендердик дискриминация, туруксуздук жана конфликттер, ошол эле учурда  кастык тили менен жалган маалымат күчөп турган мезгилде адам укуктарынын маанилүүлүгүн баалоо керектигинен кабар берет. 

Адам укуктары жогорудагы аталган чакырыктарды жеңүү жана ар бир жаран үчүн татыктуу жашоо, эркиндик жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу маанилүү экенин дагы бир ирет эске салат.