“Кутурган Макс” тасмасынын стилиндеги унаалар: MadWay Rally жарышы Кыргызстанда өтөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында дүйнөнү кыдырып жүргөн белгилүү туристтердин тобу менен Соң-Көлдө жолукту.

Өз сөзүндө Жапаров дүйнөнүн туш тарабынан келген туристтер Кыргызстандын керемет жерлерин акысыз жарнама кылып берээрин, аны менен туризм тармагы өнүгөөрүн билдирди.

“Ушундай коноктордун Кыргызстанга келип, тоолуу аймактарыбызды, жайлоолорубузду, керемет жерлерибизди көрүп бүт дүйнө жүзүнө таанытат. Муну менен чоң жарнама кылып берип жатат, биз өзүбүздүн меймандостугубузду көрсөтүшүбүз керек”, — деди ал.

Белгилей кетсек, бул туристтер жөнөкөй туристтерден эмес. Алар дүйнөгө белгилүү ишкерлер жана инвестиция салууга кызыкдар адамдар.

Кошумчалай кетсек, алар белгилүү “Кутурган Макс” (“Безумный Макс”) тасмасынын стилиндеги унаалар боюнча MadWay Rally жарышын Кыргызстанда өткөрөт.

356199568 3614327842185620 1311794814162480114 n 1 “Кутурган Макс” тасмасынын стилиндеги унаалар: MadWay Rally жарышы Кыргызстанда өтөт
356240941 3614327738852297 2093569460916328946 n “Кутурган Макс” тасмасынын стилиндеги унаалар: MadWay Rally жарышы Кыргызстанда өтөт
356394950 3614327582185646 5321669097109471685 n “Кутурган Макс” тасмасынын стилиндеги унаалар: MadWay Rally жарышы Кыргызстанда өтөт
izobrazhenie 2023 06 27 170547012 “Кутурган Макс” тасмасынын стилиндеги унаалар: MadWay Rally жарышы Кыргызстанда өтөт