“Йакын-Инкар” агымынын мүчөлөрү андан баш тартып, балдарын мектепке окута башташат

Жалал-Абадда “Йакын-Инкар” уюмунун мүчөлөрү экстремисттик идеологиядан баш тартып, балдарына медициналык жардам жана светтик орто билим алууга макулдук беришти. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-майда УКМК тарабынан өлкө аймагында тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымынын мүчөлөрү 1977-жылы туулган А.Т., 1987-жылы туулган Ж.К. 1993-жылы туулган И.М. кармалган.  

Аталган адамдар мурда Жалал-Абад шаарында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып, үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик медициналык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле жалпы билим берүүчү мектептерге барууга тоскоолдук кылышкан.

УКМКнын тергөө абагында кармоо учурунда экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча кармалгандар менен тиешелүү түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Натыйжада, алар өздөрүнүн ишинин туура эместигин түшүнүшүп, “Йакын-Инкар” ДЭУдан эл алдында баш тартышты.

Кармалгандардын үй-бүлөлөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында жашы жете элек балдар поликлиникага каттоого алынып, балдарга жаңы окуу жылынан баштап мектепте билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча милдеттенмелер алынды.

Учурда УКМК тарабынан тыюу салынган диний-экстремисттик агымдардын жана уюмдардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер улантылууда.