Бишкекте кайгуул милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришти

Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалым болгондой, мындай чара бүтүрүү кечелерин майрамдоодо коопсуздукту камсыздоо үчүн жүргүзүлүп жатат. Шаардын периметри боюнча жана эс алуу аймактарына блокпосттор коюлууда.

“Жол эрежесин жана коомдук коопсуздукту бузбоону суранабыз. Тартипти бузган айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө, ошондой эле кортеж жалдаган бүтүрүүчүлөргө чара көрүлөт”, – деп айтылат маалыматта.

Милиция жалпы эле айдоочуларды жолдо этият болууга чакырды.