Акын жана журналист Гүлжамила Шакирова каза болду

Акын жана журналист Гүлжамила Шакирова 68 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Маркумдун кесиптештери акындын каза болгону тууралуу суук кабарды 25-июнь күнү эртең менен угушканын билдиришти.

Гүлжамила Шакирова 1955-жылы 28-декабрда Нарындын Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, республикалык Кыргыз тили коомунун “Эне тил” гезитинде кабарчы, 1993-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясында иштеп, “Казына” чыгармачылык бирикмесинде “Нуска” аттуу автордук программасын, “Дил жаңырыгы” программаларын радио эфирге даярдап, алып чыккан.

1987-жылы “Сапардагы каркыра” деген алгачкы ыр китепчеси жарык көргөн.

1991-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун жана Кол өнөрчүлөр союзунун мүчөсү болгон.

Чыгармалары үчүн ал бир катар сыйлыктарды алган. Анын 30дан ашык ырларына обон чыгарылып, кыргыз теле-радиосунун алтын фондусуна алынган.

shakiro Акын жана журналист Гүлжамила Шакирова каза болду