845 даана сайгак мүйүздөрүн ташыгандар кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жоголуп кетүү коркунучунда турган 160 килограммдан (845 даана) ашык сайгак мүйүздөрү Казакстандан Кытайга жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзамсыз сатуу жана алып өтүү аракети аныкталды.

aaf3cf7b 8621 47b3 9c8e b2228818a6be 845 даана сайгак мүйүздөрүн ташыгандар кармалды

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, сайгак мүйүздөрү Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз киргизилип, Кытайга контрабандалык жол менен алынып барып турган. Кылмышкерлер мыйзамсыз жүк ташып бара жаткан жеринен кармалган.

Улуттук илимдер академиясынан жана Жаратылыш ресурстар министрлигинен чакырылган эксперттер, экология жана техникалык көзөмөлү кылдат экспертизанын жыйынтыгында бул мүйүздөр “Сайга татарика” (сайга) мүйүздөрүнө таандык экенин аныктаган.

Белгилей кетсек, өткөн кылымда сайгактар дээрлик толугу менен жок кылынган жана азыр эл аралык Кызыл китепке “Жок болуу алдында турган түрлөр” статусу менен киргизилген. Учурда сайгактар Казакстанда, Батыш Монголияда, Өзбекстанда жана Россияда (Астрахан облусу жана Калмакия) жашайт.

УКМК тарабынан зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле сайгактын мүйүздөрүн мыйзамсыз ташууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.